Бишкекте курулуштар боюнча жыйын өтөт

Бүгүн 22-апрелде Бишкектеги шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын талкуулаган жыйын өтөт. Башаламан курулуш көйгөйү жана шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча депутаттык комиссия көчмө жыйынын Бишкек шаардык башкы архитектура мекемесинде өткөрөт.

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдиргендей, жыйында Бишкек шаарынын башкы планы жана көп кабат үйлөрдү куруу долбоорлорун макулдашуу тартиби талкууланат.

 

Соңку жылдары Бишкекте менчик курулуш компанияларынын иши активдешүүдө. Алардын айрымдары көп кабат үйлөрдү уруксаты жок жерлерге куруп жатканы тууралуу маселе коомчулукта талкууланып келет. Баш калаанын деталдык пландоо долбоору (ДПД) боюнча маселе көтөрүлүп жүрөт.

Адистердин айтымында, Бишкектин 2006-жылы кабыл алынган башкы планы боюнча шаарда бир адамга 25 чарчы метр жашыл аймак туура келиши керек болчу, азыр бул көрсөткүч төрт гана чарчы метрди түзүүдө.