Бишкек аймагын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борборубуздагы сейил бактарды тазалоо, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, «Карагай токой», «Ынтымак», «Жаштык», «Ден соолук» сейил бактарын тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жаздын келиши менен жумушчулар гүлзарларды отоо, чөптөрдү чабуу, гүл отургузуучу аянттарды даярдоо иштери менен алек болушууда.

 

Ошондой эле аталган ишкана шаар тургундарынан сейил бактарда жүрүп жаткан аракеттерге аяр мамиле кылып, жумушчулардын эмгегин баалоого чакырат.