Кыргызстанда апрелдин аягына чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, 24-25-апрелде температура кескин төмөндөйт. Келе жаткан жекшемби жана дүйшөмбүдө түштүк аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаайт.
Мындай туруксуз-ырайы түндүк райондорунда дагы катталат. 26-апрелге караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарында –3 градуска чейин үшүк жүрөт.