Бишкекте жана Чүйдүн Сокулук, Аламүдүн райондорунда суу маселеси боюнча абал жакшырууда

Бишкекте жана Чүйдүн Сокулук, Аламүдүн райондорунда суу маселеси боюнча абал жакшырууда. Бул тууралуу Чүй облустук суу чарбачылыгыгынын жетекчиси Үсөн Өмүралиев билдирди.

 

Анын айтымында, Ала-Арча дарыясынан плотинага учурда секундасына 8 кубометр суу келип жатат. Бул көрсөткүч 12-июлда эле  4 кубометрди түзгөн. Ысыкта мөңгүлөр ээрип, суу көбөйдү.

 

Азыркы көлөм эки районду жана Бишкекти сугат суусу менен камсыздоого жетет, — деди Өмүралиев.