Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзал ачылды

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзал ачылды.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, үч кабаттан турган комплексте 30 кыз бир учурда машыга алат.

Жаңы имаратта 35 адамга ылайыкташкан жатакана, машыгууга керектүү шаймандар жана 3-4 орундуу конок бөлмөлөрү, тамактануучу, жуунуучу жайлар да каралган.

Спорт комплексти курууга 98 миллион сомдон ашык сарпталды.

Белгилеп кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү буга чейин жеке машыгуу залдарында эркектер менен бирге машыгып келген.

.