Кыргызстандан товар экспорттоочулардын жанында электрондук эсеп-фактурасы болушу шарт

Кыргызстандан товар экспорттоочулардын жанында электрондук эсеп-фактурасы болушу шарт.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан эскертишти. Документ жүктөрдү тоскоолдуксуз

ташып чыгууга шарт түзүп, ар кандай кечигүүлөрдү алдын алат. Андан тышкары, импорттоочу

өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан кошумча текшерүүлөрдү болтурбоого жардам

берет. Эске салсак, 2020-жылдан тартып бардык кошумча нарк салыгын жана импорт,

экспорт үчүн салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактурасын милдеттүү түрдө колдонушу керек.