Бишкекте аскердик тик учак кулады. Бул тууралуу «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат 10:55те «Фрунзе — 1» авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулап түшкөн. Экипаждын тагдыры азырынча белгисиз. Кошумча маалымат берилет, — деп айтылат маалыматта.