Бишкекте муздак суу жана канализация колдонуу тарифтери кымбаттайт

Бишкекте муздак суу жана канализация колдонуу тарифтери кымбайттайт. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңештин сайтында коомдук талкууга чыгарылды.

 

Документке ылайык, катардагы тургундар муздак суунун бир кубометрине эми 8 сом 10 тыйындан эмес, 10 сом 45 тыйындан төлөп калат. Ал эми бюджеттик уюмдар 12 сом 95 тыйындан, башка керектөөчүлөр 18 сом 50 тыйындан.

 

Ал эми канализация колдонуу үчүн тариф шаар тургундары үчүн 3 сом 45 тыйын, бюджеттик уюмдарга 4,5 сом жана башка керектөөчүлөргө 9 сомду түзөт. Бул эски жабдууларды алмаштыруу  зарылчылыгы жана электр энергиясы, күйүүчү майдын баасынын кымбатташына байланыштуу.