Тарыхтагы эң улгайган ит Португалияда жашайт. Үй жаныбарына 30 жаш жана 268 күн толду. Анын ээсинин пикиринде, иттин узак жашоосунун сыры анын тынч өмүр сүргөнүндө.
Ал эчкачан байланган эмес – ал дайыма ээн-эркин чуркап жүргөн. Учурда ал кыйынчылык менен басып жүргөнүнө карабай, 4 мышык достору менен көп ойнойт.