Европа чемпионаты футбол сүйүүчүлөрүн таң калтыруусун улантууда

Европа чемпионаты футбол сүйүүчүлөрүн таң калтыруусун улантууда.

 

Португалия курамасынан кийин эле үйүнө Хорватия жана Франция курамалары жөнөдү. Алар белгилеп кетсем, аракеттеги дүйнө чемпиондору жана вице чемпиондору.

 

Копенгагенде өткөн беттеште Испания курамасы Лука Модричтин командасын 5:3 эсебинде утуп алды.

 

Алгач 3:3 эсебинде атаандаштар теңме-тең келе жаткан, жеңүүчү экстра таймда гана аныкталды.

 

Ал эми дагы бир оюнда Франция-Швейцария дагы 3:3 эсебинде тең чыгып, экстра тайм дагы жардам берген жок. Бирок пенальти сериясында Швейцария алдыга чыгып, кийинки турга өттү. Жеңишти атаандаштан кыйынчылык менен жулуп алган бул Испания жана Швейцария курамалары жумага караган түнү беттешет.