Бишкекте ПЦР-тестти арзан тапшыруу үчүн жаңы түйүн ачылды.
Жаңы пункт Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
көзөмөл департаментинин базасында ишке киргизилди. Кабыл алуу Фрунзе көчөсү 535
дарегинде жүргүзүлөт жана ПЦР-тесттин баасы 788 сомду түзөт. Түйүн дем алыш жана
майрам күндөрүнөн тышкары жумасына 7 күн иштейт. Ошондой эле департамент калктын
аярлуу катмарына, ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кетип жаткандарга, 65 жаштан
жогоркуларга, 7 жашка чейинки балдарга жана майыптыгы барларга акысыз кызмат көрсөтөт.