Кыргызстанда дарылардын баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин директору Гүлмира Шакирова билдирди.
Анын айтымында, 50дөн ашык дарынын баасын жөнгө салуу киргизүү пландалууда. Токтом долбоору өкмөт аппаратына бүгүн жөнөтүлөт.