Кыргызстандыктардын учурдагы паспортунун мөөнөтү өтө элек болсо
жаңы жалпы биометрикалык паспортко документ тапшыруу зарыл эмес.
Бул тууралуу novosti.kgге мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, 2006-жылкы үлгүдөгү документтер мөөнөтү
аяктаганга чейин юридикалык күчкө ээ болот. Эске салсак, жаңы жалпы
жарандык биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу
3-майда старт алат. Баасы беттерине жараша болот.