Бишкекте суу тартыштыгы боюнча абалды жөнгө салуу аракети көрүлүүдө. Кургак жана суусу аз аймактарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн шаарга жаңы 6 скважина куруп, бургулоо пландалып жатканын мэриядан билдиришти.
Алар Профсоюз — Нарвская, Лев Толстой — Логвиненко, Жайыл Баатыр — Чортеков, Ахунбаев — Көк-Жаңгак, Ауэзов — Анкара көчөлөр кесилишинде жана Театр гүл бакчасында жайгашат.
Скважиналардын тереңдиги 120 метр болуп, секундасына 17 литр суу чыгарат, — дешти муниципалитеттен. Эске салсак, ордо калаада июндун башынан бери суу тартыштыгы курч болууда.