Кара-Кулжа районунун Буйга айылында чакан ГЭС ишке кирди

Кара-Кулжа районунун Буйга айылында чакан ГЭС ишке кирди. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, “Буйга-1” гидроэлектр станциясы 400 киловатт-саат кубаттуулукка ээ.

 

Ал райондогу 2 айылды электр энергиясы менен камсыздайт. Чакан ГЭС жергиликтүү инвестор тарабынан курулду.