Бишкекте тазалоочу курулмалардын бардык түрүн өндүргөн завод ачылат

Бишкекте Бишкекте SKY TUNUK холдингинин базасында SKY Industrial Group тазалоочу курулмалардын бардык түрүн өндүрүү жана орнотуу боюнча завод ачылат. Бул тууралуу SKY INDUSTRIAL GROUP’тун коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.

 

Заводдун ачылышы үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягына пландалган.

 

Компания ЕК таза суу ресурстарына көз каранды болгон ар кандай тармактарды экономикалык өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган.

«Тазалоочу курулмаларды орнотуу айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу үчүн зарыл. Алар тирүү дүйнөгө жана адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон зыяндуу заттарды жана микроорганизмдерди агынды суулардан чыгарууга мүмкүндүк берет. Саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын жардамы менен жаратылышка таштоого же кайра колдонууга коопсуз болот. Бул экосистемаларды жана адамдардын ден соолугун сактоого өбөлгө түзөт, ошондой эле жалпы жашоо сапатын жакшыртат», — деп айтылат маалыматта.

 

Бир миллионго жакын калкы бар Бишкекте бир гана тазалоочу жай күнүнө 100 миң куб метрге чейин саркынды сууларды тазалай алат. Бул дарыяларга жана көлдөргө кирген зыяндуу заттардын санын олуттуу азайтууга мүмкүндүк берет.

 

2022-жылы эле президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик шаарчалардын, конок үйлөрдүн, мейманканалардын менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар менен камсыздалбастан иштөөсүнө тыюу салган жарлыкка кол койгон.