Күзгө чейин бир катар салыктарды төлөө керек

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет.

 

Ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражатына, турак үй, батирге, үйдүн, короо-жайдын жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө керек. Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.

 

Белгилеп кетсек, каражатты салык органына барбай эле онлайн төлөсө болот. Бул бардык банк мекемелериндеги кассалар, почта бөлүмдөрү, төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталарында жеткиликтүү.