Бишкекте жаңы жылга чейин эс алуу күндөрү айыл чарба жарманкелери уюштурулууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, алар ордо калаанын үч жеринде жайгашкан: Раззаков, Жетикашкаева көчөлөрүндө жана Төрөкул Айтматов – Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
Жарманкелерден шаар тургундары азык-түлүктү өндүрүүчүлөрдөн түздөн түз сатып алса болот.