Бишкекте жаңы автобустук линия пайда болду

Бишкекте жаңы автобустук линия пайда болду. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 16-ноябрдан тарта №107 маршруттук каттамга ушул эле номер менен автобустар дагы кошулду. Жалпысынан 14 автобус 8-10 мүнөттүк аралык менен жүрөт.

 

Каттам шаардын түштүк жана түндүк тарабын камтып, Арча-Бешиктен Ак-Босого конушуна чейин барат.