Бишкекте ЖЭБ-2ни куруу 200 миллион долларга айланат

 

Бишкекте ЖЭБ-2ни куруу 200 миллион долларга айланат. Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаровдун айтымында, ордо калаада активдүү түрдө жаңы үйлөр курулуп жаткандыктан, жаңы ЖЭБди куруу маселесине кайрылуу зарылчылыгы жаралды.

 

Программаны ишке ашыруу үчүн бийлик инвесторлорду издеп жатат. Назаров белгилегендей, экологияны сактоо максатында, ЖЭБ-2 газ менен иштеши күтүлүүдө.