Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, алдыдагы күндөрү Бишкек – Ош, Бишкек – Нарын – Торугарт, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Ош – Сары-Таш — Иркештам жана Каракол – Эңилчек унаа жолдорунда кар массасы түшүшү мүмкүн.

 

Аталган каттамдар боюнча сапарга чыккан айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.