Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйү кош бойлууларды убактылуу кабыл албайт.
Мэриянын Саламаматтыкты сактоо башкармалыгынан билдиришкендей,
медициналык мекемеде 20-сентябрга чейин оңдоо жана дезинфекциялоо иштери жүрөт.
Белгилеп кетсек, буга чейин №2-төрөт үйү жыл бою COVID-19 инфекциясына кабылган аялдарды кабыл алды. Мындан ары алар Ысык-Ата аймактык ооруканасына кабыл алынат.