Бишкектеги 46 мектепте жайкы лагерлер ачылат.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери мэриянын билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте мектеп лагерлеринде балдардын жайкы эс алуусу кандай уюштурулуп жаткандыгын текшерди.
Ведомстводон маалымдашкандай, №25, 42, 57 мектептер текшерилди.
«Жалпысынан Бишкек шаарындагы 46 мектепте лагерлерди ачуу пландаштырылууда, 38 мектепте тамак-аш базасы түзүлүп, 4 миң 450 бала камтылат», — деп айтылат маалыматта.