Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы июнь айынын аягында белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы июнь айынын аягында белгилүү болот.

Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

24-июндан 4-июлга чейин бүтүрүүчүлөргө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен сертификаттар тапшырылат.

Эске салсак, ЖРТ май айынын аягында өттү.

Тест гранттык орундарга да, контракттык окуу формасына да ЖОЖдорго кирүү үчүн милдеттүү болуп саналат.