Бишкектеги бала бакчалар 20-сентябрда ачылат.
Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, кийинки дүйшөмбүдөн тартып
бөбөктөр бакчаларга тайпаларга бөлүнбөстөн кабыл алынат. Бишкек
райондорунун башчыларына жана билим берүү башкармалыгына мектепке
чейинки даярдоо мекемелерин азык-түлүк менен камсыздоо тапшырмасы берилди.
Мэриядан эскертишкендей, ата-энелер балдары өздөрүн начар сезсе бакчага
алып барбашы керек, бакчадан коронавирус менен ооругандар аныкталса
карантинге алынат. Жаңы алгоритмге ылайык, ата-энелер дарбазадан
ары киргизилбейт, мекемелерде кирүү фильтри орнотулат.