Бишкектеги үч мектеп онлайн окутууга өттү

Бишкектеги үч мектеп онлайн окутууга өттү.

Мэриянын маалыматына караганда, №87, №81 жана №96 мектептердин окуучулары дистанттык түрдө билим алышат.

Мындай чечимди Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору имараттардагы температуранын төмөндүгүнө байланыштуу чыгарган.

Алдын ала маалымат боюнча, онлайн окутуу бир жумага созулат.