Кыргызстандын жарандары Казакстандын Актөбө облусунда кар капканына түшүп калды

Кыргызстандын жарандары Казакстандын Актөбө облусунда кар капканына түшүп калды. Коңшу өлкөнүн ММКлары жазышкандай, кечээ 8 кыргызстандык менен унаа Самара-Шымкент жолунда тыгылып калды.

 

Жерине келген полиция кызматкерлери машинени кар күрткүсүнөн чыгарууга жардам берип, мекендештерди ысык тамак менен камсыздалган атайын лагерге чейин узатып коюшту. Кошумчалап кетсек, Казакстандын Актөбө облусунда кечээ катуу бороон болуп, бардык жолдордо кыймыл татаалданданды.