Бишкектеги мектептерге күчөп жаткан сасык тумоого байланыштуу карантин киргизилбейт.
Бул тууралуу 24 агенттигине вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Ал белгилегендей,
эпидемиологдор азырынча чектөөлөрдү киргизбейт, кырдаал көзөмөл алдында. Мозгачева
кошумчалагандай, окуучулар графикке ылайык, 8-ноябрдан тартып күзгү
каникулга тарашат. Экинчи чейрек 15-ноябрда башталат.