Паспорт ала элек мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөгө туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен келет

Паспорт ала элек мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөгө туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен келет. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдиргендей, сынакка документтердин көчүрмөсү эмес, түп нускасы талап кылынат.

 

Андан тышкары, бүтүрүүчүлөр окуган мектебинен маалымкат алып келип, электрондук форматтагы сүрөт тапшырат.

 

Эске салсак, жалпы республикалык тестирлөөгө абитуриенттер 6-апрелге чейин катталса болот. Сынактын өзү 23-майдан 28ине чейин өтөт.