Бишкектин 5 көчөсүндө ремонттук иштер жыйынтыкталды

Бишкектин 5 көчөсүндө ремонттук иштер жыйынтыкталды.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, кеп Жунусалиев, Огонбаев, Логвиненко, Айбийке жана Ак-Тилек көчөлөрүнүн тилкелери тууралуу болуп жатат.

 

Учурда 32 көчө ордо калаада жабык бойдон турат. Аларда асфальт катмарын жаңыртуу жана жолду кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Эске салсак, жумуштар “Шаар көчөлөрүнүн жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүрүүдө.