Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Борбор калаанын кээ бир аймактарында 2-июнь күнү жарык өчөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

9:00-12:00 — Баялинов, Журнальная, Турусбеков, Үч-Коргон көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Манас проспектисинде, Жети-Өгүз жана Офицер туюк көчөлөрүндө;

9:00-17:00 — Чоң-Арык-9 (Северная көчөсү) айылында, Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Лесхоз (Лесхозная көчөсү) айылында;

9:15-17:00 — Турусбеков көчөсүндөгү № 49 жана Киевский көчөсүндөгү № 168 үйдө;

9:30-15:00 — Өзгөн, Тургенев, Осмонкул көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;

9:30-17:00 — 8-кичи райондогу № 7 үйдө, Чоң-Арык (Северная, Школьная, Мусулманкулов, Горная, Семетей, Кожобергенов көчөлөрү) конушунда, Ужгород жана Измайловский туюк көчөлөрүндө;

9:30-18:00 — Чүй проспектисинде, Ибраимов жана Киевский көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;

13:30-17:00 — Багратион, Баялинов, Варшавский, Коммунаров, Краснодонцев, Кутузов, Минск, Республиканский, Ростовский көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө.