Россия Кыргызстанда 9 мектеп куруп берет

Россия Кыргызстанда 9 мектеп куруп берет. Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорду үч окууда кабыл алды. Объектилер республиканын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында бирден пайда болуп, ар бири 1 миң 200 окуучуга чакталат.

 

Билим берүү эки өлкөнүн стандарттарына туура келет. Кыргызстандык мугалимдердин маянасы россиялык адистердикине теңелет.

 

Алгачкы мектептердин курулушу Бишкекте, Баткенде жана Караколдо башталат.