№7 троллейбус эртеңден тарта Ак-Өргө конушуна каттай баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, транспорт мурдагыдай эле Ак-Өргө конушунан Тунгуч кичирайонуна чейин жүрөт.
Эске салсак, Гагарин-Некрасов көчөлөрүнүн кесилишине канализациялык коллектор орнотулгандыктан жыл башынан тарта №7 троллейбус Ак-Өргөгө каттабай калган.