Бишкектин Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүнөт

Бишкектин Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүнөт. Мэриянын маалыматына ылайык, линия үч сызыктуу участоктордо гана пайда болот.

 

Муну менен эки тилке транспорттун бардык түрүнө болсо, бири – автобус, троллейбустарга бөлүнөт.

 

Учурда муниципалдык кызматтар жол белгилерин даярдап жатат, андан кийин аларды орнотуу, жол чийиндерин түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Буга 2 жумадай талап кылынат.