Дүйнөдөгү кыймыл эң жай жүргөн шаар аталды

Дүйнөдөгү кыймыл эң жай жүргөн шаар аталды. Улуу Британиянын борбору ылдамдык боюнча артта калгандар арасында рекорд койду. Мындай маалыматтарды белгилүү голландиялык TomTom изилдөө компаниясы жарыялады.

 

Жол кыймылынын индексине ылайык, Лондондо болгону 10 чакырым жол жүрүү үчүн айдоочуга 36 мүнөт керектелет. Кыймыл көбөйгөн маалда ылдамдык 14 км/саатка чейин төмөндөйт.

 

Ошондой эле алдыңкы үчтүктө Индиянын Бангалор шаары жана Ирландиянын борбору Дублин бар.