Бишкектин борбордук бөлүгүндө жаңы сквер пайда болду

Бишкектин борбордук бөлүгүндө жаңы сквер пайда болду. Мэриядан билдиришкендей, эс алуу аймагы Абдрахманов – Киев көчөлөр кесилишинде жайгашат. “Бишкек жашыл чарбанын” кызматкерлери аймакты таштандыдан тазалап, ийне жалбырактуу бактарды отургузууга жерди даярдап коюшту.

 

Бул жерде ошондой эле тамчылап сугаруу системасы пайда болду.

 

Муниципалитеттен эске салышкандай, мурда бул тилкеде соода павильондору жайгашып келген.