Кийинки жылы Бишкекке автобус сатып алууга 4,3 миллиард сом бөлүнөт.
Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорунда автобустарды сатып алууга 4 миллиард 339 миллион сом каралды. Анын 1 миллиарды бажы пошлинасы катары төлөнөт.
Белгилеп кетсек, үстүбүздөгү жылы дагы Каржы министрлиги тарабынан автобус сатып алууга 4,5 миллиард сом бөлүнгөн.