Бишкектин чыгыш тарабында үч күн газ болбойт

Бишкекте 27-сентябрдан 29-сентябрга чейин орто басымдагы жер астындагы газ өткөргүчүнө кайра кошулуу иштери пландалган. Бул тууралуу «Бишкекгаз» шаардык газ кызматы маалымдайт.

 

«Бишкекгаздан» белгилешкендей, буга байланыштуу Аламүдүн дарыясын бойлой, ЧЧК, Чугуев, Чернышевский көчөлөрү, «Куликовский» объектисинде жаратылыш газы үч күнгө өчүрүлөт.

 

«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотууну түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

 

Газ кызматы ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.