Бишкекте Novotel мейманканасынан чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкектеги Novotel мейманканасынан чыккан өрт саат 10:25те толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы үч күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт мейманкананын жер төлөөсүнөн чыккан.

 

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.