Бишкектин коммуналдык кызматтары күчөтүлгөн тартипке өтүүдө

Бишкектин коммуналдык кызматтары күчөтүлгөн тартипке өтүүдө. Вице-мэр Мирлан Амантуров район акимерине ар бир көчөдө, короодо, кварталда жана райондо вирустун алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

 

“Бишкек шаардык лифт” ишканасы лифттердин ичин антисептикалык каражаттар менен тазалап чыгат. Ошондой эле, эс алуу аймактары жана таштанды челектери дезинфекцияланууда.