Заир Чокоев Улуттук банктын төрага орун басарлыгынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Чокоев Заир Линарович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.