Бишкек жана Чүйдө унаа кыймылына убактылуу чектөө бүгүн да киргизилет

Бишкек жана Чүйдө унаа кыймылына убактылуу чектөө бүгүн да киргизилет.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, “Манас” аэропорту, Фучик, Садырбаев көчөлөрү, Жаш Гвардия бульвары, Чүй, Манас проспектилери маал-маалы менен жабылат. Мындай чектөөлөр Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга сапары менен байланыштуу. Ал биздин өлкөгө биринчи жолу мамлекеттик сапар менен кечээ келди. Анын алкагында Катар менен бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат деп күтүлүүдө.