Кыргызстан менен Беларустун ортосунда түз аба каттамы ачылышы күтүлүүдө

Кыргызстан менен Беларустун ортосунда түз аба каттамы ачылышы күтүлүүдө. Беларустун авиация департаментинин жетекчиси Артем Сикорский менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Эрмек Ибрагимов жолукту.

 

Тараптар эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын уюштуруу маселесин талкуулашкан. Ибрагимовдун айтымында, Бишкек – Минск – Бишкек жана Ош – Минск – Ош каттамдарын киргизүү пландалууда.