Өлкөдө 144 медицина кызматкерине 200 миң сомдон компенсация төлөндү.
Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова билдирет
Анын айтымында, коронавирустан каза тапкан 21 дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөндү.
Акматова кошумчалагандай, төлөмдөрдү берүү уланып жатат. Белгилеп кетсек,
өлкөдө кооптуу жерлерде иштеп жүрүп, КОВИД-19га кабылган медицина кызматкерлери жана
инфекциянын кесепетинен каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөлөрү бир жолку компенсация алууга укуктуу.