Боливияда түгөйлөр үйлөнүү тоюн Түштүк Америкадагы эң бийик тоонун чокусунда өткөрүштү. Той деңиз деңгээлинен 6,5 миң бийиктикте өттү. Чокуга чыгуу үчүн жаштарга 3 күн талап кылынды.
Салттуу кийимдерди дагы ала барышкан.
Бирок мындай өзгөчө тойго коноктор аз эле келген. Жаштарды жандап тоого эки күбө жана альпинист досу чыгып, алар никени да кыйып беришти.