Бишкектин кире беришинде унаалар текшерилет

Бишкектин кире беришинде унаалар текшерилет. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, майрамдык дем алыш күндөрү эс алуу жайларында жана эл көп чогулган жерлерде көзөмөл күчөйт.

 

Кечинде шаардын кире беришине атайын посттор орнотулуп, транспорттор текшерилет. Айрыкча мас абалында унаа айдагандарга катуу чара көрүлөт.