Боршайком шайлоо алдында тизмедеги ар бир жаранды текшерип чыгат

Боршайком шайлоо алдында тизмедеги ар бир жаранды текшерип чыгат. Бул тууралуу 24 агенттигине комиссиянын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

 

Анын айтымында, Ош, Каракол, Токмок, Майлуу-Суу жана Балыкчы шаарларына массалык түрдө каттоого тургандар келе жаткан жергиликтүү кеңеш депутаттарына добуш бере албайт.

 

Анткени, алар мыйзамсыз түрдө каттоого турушканы аныкталды. Президенттин жарлыгына ылайык, жергиликтүү кеңеш депутаттарына шайлоо  12-апрелде өтөт.