Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды

Бүгүн Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы элчилигинин ачылыш аземи өттү. Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 9-11-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында болду.

 

Буга чейин мамлекет башчысы Айбек Артыкбаевди өзүнүн жарлыгы менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындаган.

 

Салтанатка Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, элчи Айбек Артыкбаев, Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн катышты.