БШК президенттикке 18 талапкерди каттады. Боршайкомдун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, өлкөнүн башкы постуна талапкерлер тиешелүү документтерин тапшырып, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төгүштү.
Аларга каттоо жөнүндө атайын күбөлүк тапшырылды. Кезекте — үгүт кампаниясы. Ал эртең башталып, добуш берүүгө бир күн калганда токтотулат. Эске салсак, мөөнөткө чейинки презденттик шайлоолор 10-январда өтөт.