Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда 730 адам мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укук алды

Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда 730 адам мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укук алды. БШК маалыматына ылайык, Ош облусунда – 118, Нарында 43, Ысык-Көлдө 9, Жалал-Абадда 294 жана Чүйдө 266 жаран арыз берген.

 

Алар ар кандай себептер менен тилкеден тышкары 9-апрелде добуш берет. Эске салсак, келе жаткан жекшемби, 10-апрелде Таш-Көмүр, Токтогул, Кара-Балта шаарларында жана   13 айылдык кеңешинде жергиликтүү депутаттарды шайлоо өтөт.